Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Акыркы коңгуроо” салтанаты болду

25-майда  саат 9-00 дөн тарта Таш-Көмүр шаарына караштуу бардык мектептеринде  окуу жылы аяктап салтанаттуу түрдө “Акыркы коңгуроо” кагылып, бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттуу линейкалар өткөрүлдү. Бул салтанатка мындан 10 жыл жана 20 жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөр дагы келип мектептин айрым көйгөйлөрүн чечип берүүгө өз салымдарын кошушту. Айта кетсек №7 К.Кузембае атындагы орто мектептин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү өз алтын уясына акылдуу доска, №12 А.С.Пушкин атындагы орто мктептин 20 жылдык бүтурүүчүлөрү окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн видео-көзөмөл жүргузүү үчүн аппаратураларды орнотуп, ушундай эле видео-көзөмөлдү №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин 10 жылдык жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектепке орнотуу үчүн акча каражаттарын тапшырышты. Мындай жакшы саамалыктар мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди кубандырды. Ошондой эле мыкты бүтүрүүчүлөрдү  №14 Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебинин,№3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин, №1 Н.Островский орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү  “Алтын тамга” наамына жетишишкендиги үчүн  атайын сыйлыктар менен жана шаардын мэри Р.Асаналиевдин атынан  Ардак грамоталар тапшырылды.  Ошондой эле Таш-Көмүр РЭС ишканасы тарабынан жарыяланган “Келечек биз менен жарык” аттуу темадагы эсселердин сынагынын жеңүүчүлөрү дагы сыйланышты.

Даярдаган:

Э.Ж.Эгизалиева