Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Акыркы коңгуроо кагылды!

Жалал-Абад шаарындагы Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты болуп өттү. Салтанатка Профсоюздун Жалал-Абад шаардык комитетинин Жаштар Кеңешинин төрагасы Максат Мамасыдыков, Жалал-Абад шаардык мэриясынын өкүлү К.Шерматов жана Жалал-Абад шаардык ЖККБнын башчысы Т.Рахмановдор катышышты. Профсоюздун Жаштар Кеңешинин төрагасы М.Мамасыдыков мугалимдерди, бүтүрүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин акыркы коңгуроо майрамы менен куттуктады.

2018-2019-окуу жылында ийгиликке жетишкен мугалимдерге, окуучуларга Ардак Грамота жана белектерди тапшырды.

 

 

Маалыматты даярдаган:

Р.Азимов атындагы №13 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы

Г.Ахмедова