Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Акыл-ордо” интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен  областтык  комитетинин жана Баткен  областтык билим берүү усулдук борборунун биргелешкен иш планын негизинде  2024-жылдын 24-январында Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебинде Баткен областындагы билим берүү уюмдарынын жаңыдан дайындалган жетекчилери жана жаңыдан шайланган баштапкы кесиптик бирлик комитеттеринин төрагаларынын арасында “Акыл-ордо” интеллектуалдык кароо-сынагынын  областтык туру өткөрүлдү.

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын  президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, Баткен  областтык билим берүү усулдук борборунун директору О.Эркебаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен  областтык  комитетинин төрагасы З.Бөтөков, райондук,шаардык кесиптик бирлик комитеттеринин төрагалары жана район,шаарлардан келген 6 команда катышышты.

Таймаштын негизги  максаты билим берүү уюмдарынын жаңыдан дайындалган жетекчилеринин жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагаларынын укуктук билимдерин, компетенттүүлүктөрүн арттыруу жана билим берүү тармагындагы укуктук -ченемдик актылары боюнча билимдерин өнүктүрүү.

Таймаш үч турда санариптик технологияларды колдонуу  аркылуу өткөрүлдү.

 1-тур командалар экрандан чыккан суроолорго жазуу түрүндөгү жооп беришти.

2-тур  командалар экрандан өздөрү тандаган суроолорго оозеки жооп беришти.

3-тур ар бир командадан бирден капитан  чыгып компьютер тандаган суроолорго жооп беришти.

Иш чаранын соңунда Кыргыз Республикасынын  президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков бардык катышуучуларды куттуктап Баткен областындагы билим берүү тармагындагы болуп жаткан ийгиликтерге токтолуп, билим берүү тармагында кесиптик бирликтин маанилүүлүгү жөнүндө айтып,өнөктөш катары билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен баштапкы  кесиптик бирликтин төрагалары ар дайым бир багытта иш алып баруусу зарыл экендигине токтолду.

Жыйынтыгында бардык катышуучуларга  Баткен  областтык билим берүү усулдук борборунун дипломдору жана Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен  областтык  комитетинин акчалай сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен областтык комитетинин уюштуруу иштери боюнча адиси: Гапарали уулу Мансур