Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АКСЫ РАЙОНУНДА «ЖЫЛ МУГАЛИМИ-2017» КАРОО - СЫНАГЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

     2017-жылдын 11-12-апрель күндөрү Аксы районундагы №35 Т.Үмөталиев атындагы  орто мектебинде мугалимдер арасында «Жыл мугалими, класс жетекчиси,тарбиячысы-2017» кароо-сынактарын райондук этабы өткөрүлүп жеӊүүчүлөр аныкталды.

       Бул кароо-сынактын райондук этабына аймактардан  I- орундарды ээлеген 15 мугалим катышып, өз чеберчиликтерин, таланттарын көрсөтүштү. Кароо-сынакта мугалимдердин сабак өтүү жөндөмдүүлүгү, педагогикалык, психологиялык билимдери деӊгээлде, жана билим берүү тармагына тиешелүү мыйзамдарды өздөштүрүүсү боюнча тесттик суроолор, логикалык жөндөмдөрү жана өзүнүн педагогикалык иш тажырыйбасын, чеберчилигин, талантын, жөндөмүн, камтыган презентациясынын негизинде бааланып жыйынтыгы чыгарылды.

      «Жылдын мыкты мугалими-2017» I-орунга А.Эрматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими  Ташмаматова Миргүл, II-орунга Р.Сөлпүев атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Атамбекова Гулшайыр, Ж.Мавлянов инновациялык мектебинин биология мугалими  Козукеева Насыйкат, III-орунга №35 Т.Үмөталиев атындагы орто мектебинин  чет тил мугалими Курбанова Назгул, «Жылдын мыкты класс жетекчиси-2017»   Гран-Принин ээси Т.Сатылганов атындагы орто мектептин мугалими Субанова Элизат, I- орунга  Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин мугалими Рыскулова Наргиза, II- орунга С.Айтиев атындагы орто мектебинин мугалими Биназарова Бермет, III- орунга Молдобагыш атындагы орто мектебинин мугалими Жапаркулова Нурча  «Жылдын мыкты тарбиячысы-2017» I- орунга К.Усенова атындагы м.ч.б.б.уюмунун тарбиячысы Тилешова Жамийла , II- орунга «Таӊ шооласы №21 м.ч.б.б.уюмунун тарбиячысы Кудаяркулова Кенжеайым,   III орунга «Гүлкайыр» м.ч.б.б. уюмунун тарбиячысы Шабданова Алмакан. Ошондой эле билим берүү жана илим кызматкерлеринин Аксы райондук комитети тарабынан «Жыл мугалим-2017» кароо сынакта I, II, III орундарга жетишкен жеӊүүчүлөргө «Ардак грамота жана сынактын райондук этабынын бардык катышуучуларына грамоталар жана акчалай сыйлык тапшырылды.