Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда семинар болуп өттү

     «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында жамааттык макулдашууларды түзүү жана аны профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын коргоочу ролу» - деген темада Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитетинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын профкомдорунун семинары №18 «Арча бешик» мектепке чейинки билим берүү  уюмунун базасында болуп өттү. Семинарга райондогу 23-бала бакчадан 18- бала бакчанын профкомдору катышты. Анда үч тараптуу макулдашууларды түзүүдө жана юридикалык тосколдуктарды чечүү жолдору түшүндүрүлдү. Ошондой эле жамаатык макулдашуу, үч тарапту келишимдердин үлгүлөрү менен таныштырылды.

  Ошону менен бирге семинардын  2-бөлүмүндө семинар өткөргөн №18 «Арча бешик» мектепке чейинки билим берүү уюмунун профкомунун жүргүзүп жаткан иштери жана документацияларынын жүргүзүлүшү менен таанышышты. Ал эми семинардын үчүнчү бөлүгүндө семинар жыйынтыкталып, пикир алышуулар болду жана суроо жооп иретинде аӊгемелешүү менен семинар өз ишин ийгиликтүү  аяктады.