Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы спартакиада

Аксы районундагы мугалимдер арасында спорттун 5 түрү боюнча спартакиада болуп өттү.

Спартакиада Аксы райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулуп, келген катышуучуларга жол акысы жана түшкү тамагы төлөнүп  берилди. Бул спартакиада волейбол, шахмат, стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол оюндары болуп, жеңүүчүлөр аныкталды.Бул мелдештин жеңүүчүлөрүнө Аксы райондук кесиптик бирлик комитети төрагасы С.Камчыбеков грамота, кубок жана ошондой эле акчалай сыйлыктарды тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети