Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы спартакиада

2023-жылдын 11-мартында Аксы районундагы мугалимдер арасында спорттун 4 түрү боюнча спартакиада болуп өттү. Спартакиада Аксы райондук комитетинин кесиптик бирлиги тарабынан уюштурулуп, келген катышуучуларга жол акысы жана түшкү тамагы төлөнүп  берилди. Мелдеш волейбол, шахмат, стол үстүндөгү теннис жана тогуз коргоол оюндары арасында өттү. Жеңүүчүлөргө Аксы райком кесиптик бирлигинин төрөгасы С.Камчыбеков грамота, кубок жана ошондой эле акчалай сыйлыктарды тапшырды. Ал эми спартакиаданын женүүчүлөрү областык турга даярданышат. Аталган мелдештин максаты билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин ден соолуктарын чындоо жана спортко үндөө болуп саналат.

 

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети