Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы №36 Жоомарт Боконбаев мектебинде семинар болуп өттү

Аксы районундагы №36 Жоомарт Боконбаев мектебинде  Кыргыз элинин алп жауучусу Чыӊгыз  Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мектеп китепканачыларынын «Китеп-руханий жан дүйнөнүн азыгы» деген темада райондук деӊгээлде семинар болуп өттү. Семинарга РБББнун жетектөөчү адиси Ж.Жороева  жана 55 мектептин  китепканачылары, мектеп окуучулары   катышты. Семинар  жогорку деӊгээлде болду.

Ж.Боконбаев мектебинин окуучулары семинарга мыкты катышып беришти жана семинардын аягында өз өнөрлөрүн көрсөтүшүп, чакан концерттик  программасын аткарып беришти.

Мындай иш чараларды өткөрүүдө баштапкы профсоюз уюмдарынын, мектеп жетекчилеринин, мугалимдеринин эмгеги зор.

Маалыматты даярдаган: Кесип бирлигинин төрагасы : К.Орозов