Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районундагы мектептерде 1-октябрь карылар күнү белгиленди

Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин иш планына ылайык райондогу дээрлик бардык билим берүү уюмдарында 1-октябрь – Эл аралык карылар күнүнө карата Т.Сатылганов, К.Кожобеков, С.Жээнбаев мектептеринин эмгек жамааты ардактуу эс алууда жүргөн ардагер мугалимдерди куттуктап, белектерин тапшырышты. Ардактуу эс алууда жүргөн ардагер мугалимдердин көңүлдөрү көтөрүлүп, өзүлөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти. Ошону менен бирге мектепте майрамдык салтанаттар уюштурулду, жакшы калоо тилектер айтылып, майрамдык маанай жогорку деңгээлде болду.

 

Маалыматты даярдаган: Аксы райондук кесиптик бирлик комитети