Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда "жылдын мугалими" конкурсу өткөрүлдү

Аксы районунда 2019-жылдын 27-мартында "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылына карата  зоналарда райондун билим берүү бөлүмү жана кесип бирлик комитети биргеликте  уюштурган "2019-жылдын мыкты мугалими, мыкты тарбиячысы"конкурсу өткөрүлдү. 

Конкурста өтүнгөн   ачык сабактардын тарбиялык маанилери, мугалимдердин чеберчилиги, турмуш менен байланышы, элдик педагогиканын колдонушу, предметтик байланышы, окуучулардын активдүүлүгү, мугалимдердин портфолиосу , техникалык каражаттардын колдонулушу каралды. 

Жогоруда айтылган критерийлер боюнча сабактардын мыктылары тандалды. Актуалдуу темадагы сабактарды отушту. Мисалы :"Менин асыл талабым, онуксо экен аймагым" , "Кыргыз жерим эн сулуу, дүйнө эли тааныган" ,"Адамга эн кыйыны күн сайын адам болуу " .
Конкурстун катышуучулары изденүүчүүк, чеберчилик менен даярданышкан. 

"Мыкты мугалим "деп Ү. Турдубаев мектебинин математика мугалими Саматова Мунара тандалды. Ал эми "Мыкты тарбиячысы"конкурсунун жеңүүчүсү Т. Уметалиев мектебинин мугалими табылды. Жеңүүчүлор райондук турга жолдомо алышты. 


Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева