Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда семинар-кеңешме өткөрүлдү

     2018-жылдын 13-сентябрында  Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы  райондук комитетинин семинар кеңешмеси болуп  өттү. Семинар кеңешмеге С.Камчыбеков Т.Султамуратов М.Өмүрбекова жана  баштапкы уюмдардын жана жаштар кеңешинин төрага, төрайымдары катышышты.                

             Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды.

1.Билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин 5-пленумунун чечимдерин ишке ашыруу.

2.Жумалык жүктөмдөрдү жөнгө салууда мугалимдердин укуктарын коргоо боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы.

3.Жаш мугалимдердин кеңешмесинин бир   жылдык ишинин жыйынтыгын кароо.

4.Уюштуруу иштери.

     Кеңешмеде  негизинен  Билим берүү жана илим  министрлигинин 2018-жылдын 5-январындагы № 03/1 буйругун турмушка ашырууда КРнын Эмгек Кодексинин    83-беренесинин 2-пункту боюнча кыскарууга дуушар болгон 92 мугалимдин укуктары жөнүндө тийиштүү кепилдиктер менен камсыз болушу жөнүндө маалыматтар каралды.   

Маалыматты даярдаган :укук жана эмгекти коргоо инспектору: М.Өмүрбекова