Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда Отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү

2023-жылдын 4-майында Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинде баштапкы кесиптик бирлик комитетинин 5 жылдык отчеттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Аталган отчеттук кайра шайлоо конференциясына Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Камчыбеков күбө болду.

2017-2022-жылдары Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин баштапкы кесиптик бирлик уюмун Н.Тотоева жетектеп келген. Чогулуштун жүрүшүндө баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Н.Тотаева 2018-2022-жылдарда аткарылган иштер, жетишкендиктер, материалдык жактан жардам берүүлөр, демөөрчүлөр тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар, кесип бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн ден соолугун чыңдоо, эс алуулар боюнча кеңири маалымат берди.  

2017-2022-жылдар арасында кесиптик бирлик бурчтары уюштурулуп, жаңы келген мүчөлөрдү арыз менен кесиптик бирлик уюмуна кабыл алынып карточкалар түзүлгөн. Кесиптик бирликтин 15 мүчөсү ден соолугун чыңдоо үчүн санатория - курортторго жөнөтүлүп, "Ардагер мугалим" төш белгиси менен 7 мүчө сыйланган. Ошондой эле үй-бүлөлүк шартына ылайык жардамга муктаж мүчөлөргө материалдык жардамдар көрсөтүлгөн.

Талкууга катышкан делегаттар комитеттин аткарган иштерин алгылыктуу экенин баалап, отчеттук мезгилдеги ишмерүүлүгүнө канааттандыраарлык деген бааларын беришти жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымына Н.Тотаева кайрадан 5 жылдык мөөнөткө шайланып, токтом кабыл алынды.

Аксы райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жаңыдан шайланган төрайым Н. Тотаевага куттуктоо сөзүн айтып, жамааттын ишине ийгилик каалады. Аталган мектептин директору У.Атаканов да ыраазычылыгын билдирип,  кесиптик бирлик комитетинин жүргүзүп жаткан иштерин баса белгилеп өттү.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов атындагы орто мектебинин баштапкы КБКнын төрайымы Н.Тотоева