Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аксы районунда мугалимдердин кышкы усулдук кеңешмеси болду

2020-жылдын 9-январында Аксы районунда бардык предметтердин мугалимдерине кышкы сексиялык иш болуп өттү. Сексиялык иште ар бир предмет мугалимдери өз ара темадагы түшүнбөгөн материалдарды, чыкпаган мисалдарды ортодо  талкуулап, сабактардын иштелмелерин карап чыгышты. Жаны усул менен сабактарды өтүү, материалдарды интернет булактарынан изденүү, окуучулардын окууга болгон кызыгууларын өстүрүү, заман талабына ылайык сабактарды өтүү талкууланды.

Мектептерде интернет булактары орнотулган, сабактарды интерактивдүү жол менен өтүүнү колго алуу керек экендиги айтылды. Аксы райондук билим берүү бөлүмүнөн өкүлдөр келип, болуп жаткан жаңылыктар боюнча маалымат берди. Бардык мугалимдер маалыматтарды алып, жаңы күч кубат менен иштөөгө үгүттөнүп кайтышты.

Материалды даярдаган:

Наргиза Тотоева