Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ак Шоола» балдар бакчасы

Ноокен районунун  Сакалды айыл өкмөтүнө караштуу №26 «Ак Шоола» балдар бакчасында   2016-2017-окуу жылына карата түзүлгөн үч тараптуу  келишимдин негизинде бир канча  иштер жүргүзүлдү. Бакчанын кесиптик уюмунун төрайымы  Нурийла Абишова, бакчанын жетекчиси  Курманжан  Мурашова  жана айыл өкмөтүнүн башчысы  М.Ж.Султановдун  тыгыз байланышта иштөөсү менен бала бакчанын тарбиялануучуларына жана  билим берүү кызматкерлеринин  укуктук жана социалдык экономикалык шарттарын  жакшыртуу боюнча  алгылыктуу иштер  жасалды.

 Бала бакчанын кесиптик уюмунун төрайымы менен бакча жетекчисинин   талыкпаган эмгеги жана уюштургучтугу  менен төмөнкү   иш аракеттер жасалды:

  • Бала бакчага балдар ойноочу аянтча курулду                                            
  • Бакчанын  ашканасына жылуу суу киргизилди                                                      
  • Эки тайпага   санитардык гигиеналык  талапка жооп берген заман талабына ылайык  ажааткана (туалет) жасалды                                         
  • Бакчанын бардык  тайпаларына  жана сыртка видео көзөмөл орнотулду
  • Эскилиги жеткен шейшеп жана идиш аяктардын ордуна жанылар менен камсыз болду
  • Суу кампасы курулуп  айланасы тосмолонду  жана ремонтто иштери  сапаттуу  жасалып берилди.

 

Сакалды айыл өкмөтүндө   билим берүү   тармагына  эӊ жакшы көӊүл бурулуп келет. Ошондой  эле,  быйылкы 2017-2018-окуу жылына карата аталган бакчага айыл өкмөтүнүн бюджетинен  сом акча каражаты бөлүнүп берү каралган.

Бул ийгиликтердин   жаралышына   бакча жамааты  жана ата- энелер  кесиптик  уюмунун  төрайымына жана   бакча жетекчилигине  тереӊ ыраазычылыктарын билдиришет.