Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак мээнеттин акыбети кайтканда ар дайым кубаныч болот

     Ош мамлекеттик университетинин профсоюз комитети демилге кылып, анын жетекчилиги астында окуу жайыбыздын 50 гө жакын кызматкерлери 2010-жылы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Коммунист участкасында жайгашкан 3 га бактуу, суулуу жана бүтүндөй атарабы таш дубал менен коргондолгон жер аянтын “Жасур” ишканасынан жеке турак-жай салуу максатында сатып алганбыз.

    Ошол кездерде өлкөбүздүн борборунда белгилүү апрель окуялары болуп өткөндөн кийин бийлик алмашты. Ал эми түштүктөгү июнь коогалаңы эми гана басылып, биз сатып алган жер тилкелерибизге мыйзам талап кылган документтештирүү иштеринин артынан кайра түшкөнбүз. Эгемендүүлүк жылдар аралыгында ички миграция күчөп, калкынын саны иш жүзүндө миллионго чамалаган түштүк борбор Ош калаасында  мамлекеттен турак-жай курууга жер тилкесин алам дегендердин саны 60-70 миңге жеткен учур болчу. Мэрияга караштуу жерлер жок болгондуктан, Бишкектегидей эле Ошто да жарандар тарабынан шаарга жакын жайгашкан айыл өкмөттөрүнүн үлүш жерлерин басып алуу аракеттери да болуп турган.                                          

     Ал эми ОшМУнун профсоюз комитети мындай учурларда мамлекеттен  жардам күтүп отурбастан, же бир тыйын албастан “Жасур” ишканасы менен жогоруда айтылган жер аянтын кызматкерлерибиздин жеке айлык маяналарынын эсебинен узак мөөнөттө төлөп кутулуу аркылуу сатып алуу боюнча келишим түзгөнгө жетишкенбиз. Тилекке каршы, ошогезде өз аракетин көрүп жаткан карапайым адамдарга көмөк көрсөтүп жардам бергендин ордуна кыпкызыл коррупциялык кызыкчылыктарын башкы планга койгон, ошончо элдин жакшылыгына бут тоскон укук органдарынын айрым кызматкерлери “туурадан чыгышып”, тактап айтканда, Ош областтык жана Кара-Суу райондук прокуратуранын биздин жер сатып алуу боюнча соода-алака келишимден “үлүш” үмүт этип кенедей жабышкан “желдеттери” шаштыбызды кетиришкен.                 

     Алардын мыйзамсыз аракеттерин көзгө сайып көргөзүп, ал кезде облус прокурору болуп жаңыдан гана келген Айбек Турганбаевге, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Таабалды Бусурманкуловго, УКМК төрагасынын орун басары Марат Иманкуловго чейин жетип, областтык жана райондор аралык соттордун судьялары Рахат Каримовага, Айнаш Токбаевага түз кайрылып абалыбызды түшүндүрүп, өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитине “Сен айтпаган, мен айтпаган коррупция” деп макала чыгарып жүрүп, органдардын катарындагы уятсыз погончондор менен үч жыл бою соттошсок да, бирок “бозоро жортсок да, кызара бөрткөн болуп”, жыйынтыгында жогоруда аты аталган инсандардын моралдык да, мыйзам чегиндеги да көрсөткөн зор колдоолорунун аркасында мээнетибиз кайткан.                  

     Көрсө, ар убак бийлик алмашкан менен Кыргызстанда, өз мекенибизде бийликке болгон ишенимди кайтаруу жана бекемдөө үчүн ар бирибиздин жана  жамааттарыбыздын да күчтүү жарандык позициябыз болушу зарыл тура. Ошону коргоп, сактап кала ала турган дух, дем, күч болгондо гана коомго жат, жагымсыз көрүнүштөргө биргелешип каршы туруп, өлкөбүздө нукура демократияны жана мыйзамдуулукту орнотконго салым кошо алдык деп айтсак болчудай.

    Жогорку Соттон чечим чыгып, жер тилкелерибизге ээ болгон үчүн кубанычыбыз батпай, коңшу-колоң, бала-чакаларыбыз менен чогуу жамаатыбыз кан чыгарып, түлөө өткөргөнбүз. Тагдырга кайыл болуп, Кудайга шүгүрчүлүк келтирип, өткөнгө салавват айтканбыз. Конушубуз жайлуу, айылыбыз куттуу, жамаатыбыз ынтымактуу болсун деп батаа тилегенбиз.  Андан ары Кара-Суу райондук мамкаттоо жана архитектура кызматкерлери тийиштүү документтерибизди мыйзамдаштырып, колубузга кызыл Мамлекеттик актыларыбызды беришкен.

     Мына эми, ошондон бери арадан дээлик төрт жыл өтүп, азыр мында он чакты үйлөрдүн дубалдары тургузулуп, алды бүтүрүп кирип алып жашап жатса, арты фундаментин баштап, коңшулар жакындан таанышып, ортосундагы  чектерин аныкташып, калгандары багындагы мөмө-жемиш терип жегенине курсант болуп жүрүшкөндөрү да бар.                                                    

 “Жамандыкты амандык жеңет”, “Кыбыраган кыр ашат”, “Сабырдын түбү сары алтын”, туугандар! Ордолуу шаарыбыздын билим бешиги болгон ОшМУнун жаңы конушундагы жакшылыктарыбызга ар дайым куш келиңиздер!