Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Ак жол сага бүтүрүүчү -2018»

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы жана райондук билим берүү бѳлүмү тарабынан бүтүрүүчүлѳрдүн слету ѳткѳрүлдү. Слетко ата-энелер, 9-10-класстардын окуучулары, мугалимдер, мектеп жетекчилери  жана 11-класстардын отличник окуучулары катышты.

         Слет райондук мамлекеттик администрациянын алдынан башталып, акимдин орун басары Э.А.Садыкова жана райондогу мекеме жетекчилери куттуктоо сѳз сүйлѳшүп, «Бутүрүүчү-2017» ленталарын салтанаттуу тагып беришип,  район боюнча мектептердин 11-класстарынын отличник окуучулары мектеп директорлору менен  райондук маданият үйүнѳ чейин салтанаттуу жоо жүрүш менен барышты.

Райондук маданият үйүнүн алдынан райондун башчысы-аким Н.Б.Керимкулов жана жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйынынын тѳрагасы Т.И.Курткаев тосуп алышып, эстеликке сүрѳткѳ түшүшүп, салтанатуу жыйын Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылды.

 Слетто райондун акими Н.Бейшенбекович куттуктоо сѳз сүйлѳп, ѳз сѳзүндѳ быйылкы слет үчүнчү жолу ѳткѳрүлүп жаткандыгын, 2016-жылы 92 отлтчник, 2017-жылы 112 отличник болсо үстүбүздѳгү окуу жылында 135 окуунун отличниктери болгондугун  айтып, бул иш чара билим сапатын жогорулатуу, окуучулардын билим алууга болгон ынтызарлыгы ѳсүп жаткандыгын айтып, бүтүрүүчүлѳргѳ мындан аркы турмуш жолундагы ийгиликтерди каалады жана мектеп окуучуларынын предметтик олимпиасынын Республикалык туруна катышып келишкен Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын окуучулары Тилекматов Талгарбекке, Маликов Алмазга жана А.Бостонов атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучусу Атабекова Алтынайга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары  менен сыйлады.

Андан кийин сѳз кезегин алган жергиликтүү Кеңештердин кошмо жыйынынын тѳрагасы Т.И.Курткаев, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы У.Н.Ѳзүбеков жана Билим берүүгѳ эмгек сиңирген кызматкер В.К.Турдукуловалар сѳз сүйлѳшүп, бүтүрүүчүлѳргѳ ак жол каалашып, окуудагы жана спорттогу жетишкен ийгиликтери, үлгүлүү жүрүш-турушу жана коомдогу иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык баракчалары менен сыйлашты.

Слет концерттик программа менен коштолуп, Республикалык «Жол кыймылынын жаш тескѳѳчүлѳрү» сынагында экинчи орун алып келишкен И.Арбаев атындагы орто мектебинин «Ак жол» командасынын   жана айрым мектептердин талантуу окуучулары ѳз ѳнѳрлѳрүн кѳргѳзүштү.

 Слеттун соңунда бүтүрүүчүлѳр ак тилек, аруу максаттарынын аткарылышын каалашып асманга шариктерди учурушту.

 

 Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы