Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ак-Сууда Август кеӊешмеси өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 22-августунда Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун билим берүү кызматкерлеринин август кеӊешмеси өткөрүлдү.

 Кеӊешмеге Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы К.Дабаев, райондук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Э. Жантаев, областтык билим берүү институтунун директорунун орун басары Ж.Темирканов катышышты. Кеӊешмеге райондун аймактарынан 300 делегат чакырылган. Алардын катарында мектеп директорлору, профкомдор, мугалимдер, тарбиячылар, эмгек ардагерлери жана кесипке жаӊыдан келип жатышкан жаш мугалимдер болушту.

Кеӊешмеде Ак-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М. Темиралиев «Педагогикалык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүүсү – билим берүү системасынын өнүгүүсүнүн негизги фактору» деген темада доклад жасап, өткөн 2013-2014-окуу жылы үчүн отчету жана жаӊы окуу жылына белгиленген милдеттери угулду. Андан соӊ «Жалпы билим берүүчү мектеп менен айыл аймагынын билим–тарбия берүүдөгү социалдык өнөктөштүгү» жөнүндө Жаӊы-Арык орто мектебинин директору С.Шамыратова кеӊири билдирүү жасады. «Үй-бүлөдөгү бакубат жашоо-билимге ээ болуунун гаранты» экендигин белгилеп райондогу А.Ракымов атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрайымы Р.Нургалиева таасирдүү сөз сүйлөдү.

Талкууга коюлган бул маселелер боюнча Отрадное айыл аймагынын башчысы Б.Жумабеков, Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы К.Дабаев, райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Э.Жантаев жана райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э. Садабаев өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы өз сөзүндө райондун билим берүү тармагындагы жетишилип жаткан ийгиликтерге РК профсоюздун, баштапкы профсоюз уюмдарынын салымдары чоӊ экендигин билдирди. Жамааттардагы ынтымакты чыӊдоодо, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылууда, мугалимдердин иштөөсүнө, эс алуусуна шарт түзүүдө профсоюздук уюмдар өздөрүнүн уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөтүү менен алдынкы катарда болуп жатышкандыгын белгиледи.

 Андан ары ал өз сөзүндө райондун мугалимдеринин эмгек акысынын кыскарып кеткендигин билдирди. Бүгүнкү күндө алардын орточо эмгек акысы 6600 сом экендигин, бул сумма жалпы республика боюнча орточо эмгек акынын жарымын гана түзөөрүн, мындан тышкары тех.кызматкерлерди айтпаганда 200гө жакын мугалим 5000 сомдон аз айлык алып жатышкандыгын баса белгиледи. Бул педагогдорго жергиликтүү бийликтер жардам көрсөтүшү керек. Өткөн окуу жылында район боюнча 195 мугалим билимин жогорулатуу курсуна барышса аларга бүгүнкү күнгө чейин 360 миӊ сомдон ашык командировкалык чыгымдары төлөнүп бериле элек. Деги эле финансылоо иштери билим берүү министирлигине өткөрүлгөндөн бери иш алдыга жылбай эле кетенчиктеп жаткандыгын жогорку айтылган фактылар далилдеп турат.

Райондук профсоюз комитетинин төрагасы Э.Садабаевдин сөзүн Кыргыз билим берүү академиясынын бөлүм башчысы К.Дабаев кубаттоо менен профсоюздар бул орчундуу маселени унутта калтырбай көтөрүп жатышкандыгына ыраазы болду жана ишти жакшыртууну бүткүл республика боюнча колго алууну суранды.

Август кеӊешмесин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жыйынтыктады. Кеӊешмеде областтык конференцияга делегаттар шайланды.