Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айымдарга урмат-сый

2023-жылдын 7-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Аялдардын Эл аралык күнүнө карата ректорат, кесиптик бирлик комитети  жана журналистика факультети тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык иш-чара Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ансамблинин аткаруусундагы ыр-күүлөр менен башталып, Кыргыз улуттук университетин ректору Төлөбек Абдырахманов айымдарды майрамы менен куттуктады.

Кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да айымдарды майрамы менен куттуктап, "Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн" экономика илимдеринин доктору, экономика факультетинин финансы кафедрасынын доценти, кесиптик бирликтин мүчөсү  Светлана Мамакеевага, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундузгүл Базакеевага жана КУУнун башкы эсепчисинин орун басары, кесиптик бирлик комитетинин текшерүү коммиссиясынын мүчөсү Орозгүл Насыровага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Ардак Грамотасын тапшырды. Ал эми журналистика факультетинин деканы, доцент Ширин Костюкка, математика жана информатика факультетинин математикалык анализ кафедрасынын ага окутуучусу Айпери Асанкулова жана социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин доценти  Батма Кошбаковага "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы" төш белгисин тапшырды. 

Салтанаттуу иш-чара К.Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар ансамбли менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиин ансамблинин аткаруусундагы жагымдуу ыр-күүлөр менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: Ж.Баласагын атындагы КУУнун кесиптик бирлик комитети