Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айымдар арасындагы мелдеш

     Билим илим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин демилгеси жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн колдоосу менен 19-октябрь" Социалдык кызматкерлердин жана профсоюздар күнүнө" карата    айым  мугалимдердин арасында баскетбол оюуну боюнча өз ара мелдеш уюштурулду. Мелдешке спонсорлукту Кемин районун ДОСААФтын  жетекчиси  Айдар Такиев  жасады.
      Мелдешке Кок Ойрок айыл өкмөтүнө караштууТегирменти орто мектеби,Чон Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Шабдан орто мектеби, Кемин № 1,Кемин № 2,Кемин № 3 ,Орловка № 2орто мектебинин мугалимдери катышты. Биринчи орунду Тегирменти орто мектебинин айымдары,2-орунду  Кемин № 1 орто мектебинин айымдары.3-орунду Шабдан орто мектебинин мугалимдери ээ болушту. Мелдештин акырында катышуучуларга  баалуу сыйлыктар жана Ардак Грамоталар тапшырылды.