Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айым директорлор үчүн спорттук мелдеш өттү

2023-жылдын 6-мартында Аялдардын эл аралык күнүнѳ карата Алай районундагы айымдар жетектеген 22 мектептин директорлору үчүн социалдык ѳнѳктѳштүктүн алкагында райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинде майрамдык иш-чара жана волейбол боюнча спорттук мелдеш ѳткѳрүлүп берилди.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Б.А.Осмонов, райондук билим берүү бѳлүмүнүн башчысы Б.Э.Таиров, Корул айыл ѳкмѳтүнүн башчысы М.Турганбаев, Алай райондук кесиптик бирлик комитетинин тѳрагасы А.Абдыкадыров жана мектептин айым директорлору катышышты.

Майрамдык иш-чара Т.Осмонова жетектеген №26 А.Бекташов атындагы орто мектебинин чыгармачыл мугалимдеринин ыр-бийлери менен коштолду. Жыйынтыгында волейбол боюнча мелдештин жеӊүүчүлѳрүнѳ сыйлыктар берилди.

 

 

Маалыматты даярдаган: Алай райондук кесиптик бирлик комитети