Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айылдык педагогду ардактуу эс алууга узатуу

     Жалал-Абад  областына караштуу Сузак районундагы №10 Көк-Арт гимназия жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Жайчиев Ражап агайды ардактуу эс алууга узатуу салтанаты болуп өттү.

     Бул салтанаттуу аземге Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райодук комитетинин төрагасы Орозалиев Абдимажит Джумабаевич, райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Г.С.Бейшеева, кадрлар боюнча адиси Койчуманова Ч.Э, Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы А.Сатаров, мектептин педагогикалык жамааты катышышты.

    Жайчиев Ражап агай 78 жылдык өмүрүнүн 47 жылын педагогикалык эмгекке жумшаган, анын окуткан окуучулары дүйнөнүн түрдүү булуң бурчтарында адамзат коомуна кызмат көрсөтүп келатышат.

    Аземге катышуучулар агайдын басып өткөн жолуна, мындан кийин да насаатчылык иштерин уланта берүүсүн, чың ден соолукта болуусун каалашып белек-бекчектерин тапшырышты.

  Маалыматты даярдаган: Арапова Шарипа - №10 Көк-Арт гимназия жалпы орто билим берүүчү мектептин профсоюзунун баштапкы уюмунун төрайымы