Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“АЙТМАТОВ ЖАНА ТЕАТР ААЛАМЫ” Лейлек районунун окуучулары Талас областтык драма театрынын сахнасында

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө  караштуу мектептер менен  “Устатшакирт” салттык музыка борборунун  кызматташуусу  натыйжалуу жүрүп жаткандыгына байланыштуу борбор бөлүмгө жана мектеп жетекчилерине өз ыраазычылыгын билдирип, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына жана Региондорду өнүктүрүү жылына карата 2018-жылдын 11-17-ноябрь күндөрү Талас шаарынын областтык драма театрында өткөн  “Айтматов жана театр ааламы” аттуу “Умтул” тармактык балдар театрынын фестивалына Лейлек районунун В.И.Ленин атындагы орто мектебинин “Умтул” драмалык ийриминин жетекчиси  баштаган мектеп окуучуларын жана Максат орто мектебинин окуучусу Мурзаев Чынгызды  чакырган.

Фестиваль кароо-сынак формасында өтүп, ага катышуу үчүн эксперттик топтун чечими менен Республика боюнча 13 мектептин спектаклдери тандалып алынган.

Жогорудагы чакырылган  мектеп окуучулары райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюмунун колдоосу менен Талас шаарына барып фестивалга активдүү катышып, “Саманчынын жолу” повестинен 30 мүнөттүк үзүндү көрүнүш көрсөтүштү. Көрүүчүлөр жана калыстар тобу эмгектерин жогору баалап, залдагылар ордуларынан туруп кол чаап, сертификат, диплом, жюринин атайын сыйлыгына ээ болуп,  белекке телевизор алып кайтышты. Ошентип борбордон алыс жайгашкандыгына карабастан районубуздун  окуучулары  өз өнөрлөрүн Республикалык деңгээлде көрүүчүлөргө тартуулай алышты.  Драмалык ийримдин жетекчиси кыргыз тили жана адабияты мугалими Джапарова Канайым.

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева