Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Айтматов да бала болгон

Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында жайгашкан №17 "Кыла" орто мектебинин окуучулары кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлгөн республикалык "Айтматов балдар дүйнөсүндө" аттуу театр-фестивалында "АЙТМАТОВ ДА БАЛА БОЛГОН" театрынын сценарийи менен даярдалган көрүнүштү тартуулашып, баш байгеге ээ болушкан. Аталган театралдаштырылган иш-чараны райондун жетекчилерине, мугалимдерге, ата-энелерге жана коомчулука тартуулашты.

Бул иш-чараны даярдаган мугалимдерге, окуучуларга Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Ишенбеков районубузга ийгилик алып келгенине кубанычы чексиз экенин белгилеп, ийгилик каалап, "Ардак Грамоталарды" жана окуучуларга өзүнүн белектерин тапшырып, №17-мектепке "Смарт досканын" сертификатын тапшырды. Андан сырткары Момбеков айыл өкмөтү тарабынан мугалимдерге жана окуучуларга белектер берилди.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов №17 "Кыла" орто мектебинин жалпы жамаатын, окуучуларын бул ийгилиги менен куттуктап, даярдаган мугалимдерге ыраазылык каттарды жана белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: №17 «Кыла» орто мектебинин профкому Б.Анарбаева