Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

АЙТ МААРЕК БОЛСУН

Урматтуу момун мусулман бир туугандар!

Урматтуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрү, кесиптештер!

Ыйык Орозо айы аяктап, отуз күндүк орозо соңуна чыгып, ыйман-ырашкерлүү Орозо Айт майрымы да кирип келди.

Баарыңыздардын туткан Орозоңуздар кабыл болсун, Орозо Айт майрамыбыз ырыс-кешиктүү, ыйман-ырашкерлүү болсун айтуу менен, өзүмдүн жана кесиптик бирликтин Борбордук Комитетинин атынан чын ыкласымдан куттуктаймын!

Орозо Айты маарек болсун!

Эл ичинде ынтымак-ырашкерлик байырлап, бейпил тынчтык өкүм сүрүп, иштеген иш, кылган аракеттерибиздин баары артып, эгемен эл-жерибизге, Ата Мекенибизге берекеси арткан токчулук, бакубат байгерчилик алып келсин! Азыркыдай “бүгүн көргөн – эртең жок” болгон учкаяк, ар кыл чакырык, сыноолору арбын заманда ар бириңиздерге аруу ыйман-салават, топуктуу токтоолук, чың ден соолук, узак жана бактылуу өмүр каалаймын!

Ар бир адам баласы илгери үмүт, жакшы тилектер менен жашайт, мына ошол тилегиңиздер орундалып, жалпы эли-журтубуз аман, эл-журт ичинде биз аман бололук. Ылайым, ар бириңиздерге кийинки Ыйык Орозону насип эткен болсун!

Дагы бир ирээт Орозо Айтыбыз маарек болсун!

 

Урматтоо менен,
А.Султанбаев
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигин Борбордук комитетинин төрагасы