Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактык профсоюздук уюмдун (райшааркомдордун) ишмердүүлүгүн баалоонун Жобосу бекитилди

           Билим жана   илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Борбордук  Комитетинин   2015-жылдын  11-сентябрындагы  I-пленумунун  №1/4  токтому  менен   бекитилген  “Аймактык  профсоюздук  уюм  жөнүндөгү”  Жобонун  кабыл  алынышы  менен  райшааркомдордун  ишмердүлүүгүн  уюштуруу ишине чоң усулдук жардам  болду.

        Аталган  Жобонун негизинде профсоюздук  иштерди деңгээли  жана  сапаты  жогорулады. Аймактык  профсоюздук уюмдун аткарылган  иштерин  баалоо  жана  эмгектерине  жараша  стимулдаштыруу  максатында Жалал-Абад  обкомунун  алдындагы  Профсоюздук билим   берүү  Борбору  тарабынан иштеп  чыгылган “Аймактык  профсоюздук  уюмдун   (райшааркомдордун)  ишмердүүлүгүн  баалоонун  Жобосу” 2017-жылдын  15-декабрында  обкомдун президиумунда бекитилди. Аймактык  профсоюздук уюмдун ишмердигинин жылдык   циклограммасы сунушталды.

Кабыл  алынган  Жобо жана   циклограмма  профсоюздук  иштерди  активтештирүүгө  профлидерлердин эмгегин  баалоого  кызмат  кылышына  үмүт  кылабыз.

Аймактык профсоюздук  уюмдун ишмердигин  баалоонун

ЖОБОСУ 

1.Жалпы жоболор.

Бул Жобо «Профсоюздар жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү», Эмгек Кодекси, «КРда эмгектик  мамилелери тармагында социалдык өнөктөштүк жөнүндө», «Эмгекти Коргоо», «Мугалимдин статусу  жөнүндөгү»  мыйзамдарды, КРнын билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Уставын, аймактык  профсоюздук  Уюмдун ЖОБОлорун ишке ашыруу максатына кызмат  кылат.

 

2. Аймактык профсоюздук  уюмдун ишмердигин  баалоонун

                                      критерийлери

 

Критерийлер

Балл

1

Иш пландын  түзулүшү  жана  аткарылышы

10

2

Президиумдарды даярдоо  жана  өткөрүү

20

3

Пленумдарды даярдоо  жана  өткөрүү

20

4

Макулдашуулардын түзүлүшү, каттоодон өткөрүлүшү, жамааттык келишимдердин түзүлүшү, аткарылышы.

10

5.1

Макулдашуунун  аткарылышы боюнча:

Эмгектенүү шарттарын жакшыртуу үчүн_______сом каражат тартылды

3

5.2

_______кызматкерге  жер  участкасы берилди

3

5.3

______жаш  адиске __________сом жөлөк пул берилди

3

5.4

_ _____кызматкерге __________сом коммуналдык чыгымдарга   каражат төлөп берилди

3

5.5

______кызматкер медкароодон  акысыз өткөрүлдү

3

5.6

_______кызматкерге  жергиликтүү бюджеттен______сомдук сыйлык жана материалдык жардам берилди

3

5.7

Жергиликтүү  бюджеттен иш-чараларды  өткөрүүгө______сом бөлүндү

3

5.8

Эмгекти  коргоо  жана коопсуздук чараларына______сом   жергиликтүү  бюджеттен жана  иш  берүүчүлөр  тарабынан бөлүп  берилди

3

6

Укукту коргоо боюнча________кайрылуулар болуп,

анын ичинен _______чечилди

10

7

Профсоюздук  активисттерди окутуп-үйрөтүү жана семинарларды даярдоо, өткөрүү

20

8

Баштапкы профсоюздук  уюмдардын ортосунда кароолорду  өткөрүү жана алардын иш  тажрыйбаларын  жыйынтыктоо

10

9.1

Жайкы эс алууда______бала, ______ сом каражат  менен  эс  алдырылды

10

9.2

Жайкы  эс  алууда_________кызматкердин________сомдук каражат  менен  ден  соолугу чыӊдалды

10

10

Уставга  ылайык____________сом  ОКга мүчөлүк акы которулуп__________%  түздү

20

11

Жогорку  органдардан келген тапшырманын  _________аткарылды________% түздү

10

13

Уставга  ылайык  жогорку  органдарга  отчетторду өз мөөнөтүндө  тапшыруу

10

14

Окуу-усулдук, спорттук, маданий  иш-чаралардын  өткөрүлүшү

10

15

Облустук иш-чараларга  катышуусу

10

16

БК  сайты  жана маалымат  каражаттары  менен  иштөө

10

 

3. Аймактык профсоюздук  уюмдун ишмердигин  баалоонун тартиби жана жыйынтыктоо.

            Облустук комитет  тарабынан түзүлгөн комиссия квартал сайын  критерийге  ылайык баалоону жүргүзөт.    

            Комиссиянын чечиминин негизинде облустук комитеттин  президиумунун токтому менен  жеъщщчщ уюмдар квартал сайын аныкталат.

Кварталдык  сыйлыктарды берүүгө негиз болот. Жылдын жыйынтыгы менен облустук комитеттин “Өтмө Кызыл Туусу” жана атайын сыйлыктар ыйгарылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

РК, ШК ишмердүүлүгүн баалоо

                                                                                     боюнча Жобого тиркеме

 

 

Райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин иш-аракеттеринин

       ЦИКЛОГРАММАСЫ          

Январь

  1. Кезектеги жыл үчүн райондук, шаардык комитеттин жана  текшерүү  комиссиясынын иш пландарын түзүү жана  Президиумдун биринчи кеӊешмесинде бекитүү.
  2.  Райондук, шаардык комитеттин кезектеги жыл үчүн сметасын аныктоо жана бекитүү.
  3. Жыл ичинде өткөрүлүүчү, эмгекти баалоонун жана стимулдаштыруу  үчүн негизги фактор болгон иш чаралардын  бири - билим берүү  кызматкерлеринин ортосунда өткөрүлүүчү  кароо-сынактардын  Жоболорун өркүндөтүп,  тереӊдетип, кайрадан толуктап, өзгөртүүлөр менен бекитүү.
  4. Билим берүү кызматкерлеринин 2-жарым жылдык үчүн тарификацияларын түзүүгө катышуу, жетекчилик кылуу, көзөмөлдөө.

Февраль

  1. Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасын «Кыргыз Республикасында эмгек  сиӊирген мугалимдердин»  урматына даярдоо жана өткөрүү.
  2. «Жылдын мыкты мугалими», «Жылдын мыкты тарбиячысы», «Жылдын мыкты окуу  бөлүмүнүн башчысы», «Жылдын мыкты тарбиялык иштерди уюштуруучусу» кароо-сынактарын даярдоо жана өткөрүү.
  3. Баштапкы кесиптик уюмдун активисттеринин кезектеги семинардык кеӊешмесин    даярдоо жана өткөрүү.

 

 

Март

  1. 8-Март - Аялдардын Эл аралык майрамын, «Нооруз» элдик майрамын даярдап өткөрүү жана Президиумдун кеӊешмесин өткөрүү.
  2. Билим берүү тармагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу иш-чараларын уюштурууга жетекчилик кылуу, көзөмөлдөө.
  3.  «Мугалимдин статусу», «КР Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамдарына ылайык социалдык жеӊилдиктердин берилишин көзөмөлдөө жана камсыз кылуу.

 

Апрель

  1. Билим берүү кызматкерлеринин өздүк-көркөм чыгармачылыгы боюнча кароосун даярдоо   жана өткөрүү.
  2. Баштапкы кесиптик уюмдун активисттеринин  кезектеги семинардык кеӊешмесин даярдоо жана өткөрүү.
  3. Билим берүү кызматкерлерин кезектеги аттестациясын (жобосу бекитилгенден кийин) даярдоо жана өткөрүү
  4. .

                                                Май

  1. Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган согушунун, Чернобль жана Баткен  окуяларынын катышуучуларынын жолугушуусун, майрамдык аземин даярдоо жана Президиумдун кезектеги кеӊешмесин өткөрүү.
  2. «Акыркы конгуроо» майрамдарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана катышуу.

Июнь

  1. 1-Июнь - Балдардын Эл аралык кщнщ майрамын, мугалимдердин жана окуучулардын  жайкы эс алуусун уюштуруу жана өткөрүү.
  2. Жаны окуу жылына карата даярдыкты уюштуруу жана сапаттуу жүрүшүн       камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.
  3. Жылды жыйынтыктоочу аттестацияларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жана катышуу. 
  4. Билим берүү кызматкерлеринин эмгек отпускаларынын мыйзам чегинде графиктин негизинде берилишин жана  акы төлөнүшүн көзөмөлдөө.
  5. Окуу жылында бардык өткөрүлгөн иш чаралар, кароо-сынактар, мелдештер, усулдук иштер, уюштуруу иш-чаралар боюнча  жыйынтыгын чыгаруу.
  6. Баштапкы профсоюздук уюмдун активисттеринин жыйынтыктоочу семинардык кеӊешмелерин өткөрүү.

Июль

  1. Жаны окуу жылына карата даярдыкты уюштуруу жана сапаттуу журушун      камсыз кылуу. 

2. Билим берүү кызматкерлеринин жана  балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, жетектөө көзөмөлгө алуу.

Август

  1. 31-Август -  Эгемендүүлүк күнү майрамын, «Август - педагогикалык Конференциясын» даярдоо жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү, Президиумдун кезектеги кеӊешмесин өткөрүү.
  2. Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик чыгармачылыгын  өнүктүрүү багытында өткөрүлүүчү райондук, шаардык, предметтик, усулдук секциялардын ишин уюштурууга, өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
  3. Окуу жылынын жыйынтыгына  ылайык  жамааттардын, билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалоону уюштуруп,  райондук Август педагогикалык кеъешмесинде сыйлоолорду уюштуруу, даярдоо, камсыз кылуу.
  4. Билим берүү кызматкелеринин «Билим берүү», «Мугалимдин статусу» мыйзамдарына ыйлайык медициналык кароодон акысыз өткөрүүнүн маселелерин чечүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү жана акысыз өтүшүн  камсыз кылууга жетишүү.

Сентябрь

  1. 1-Сентябрь  - Билим күнүн, 23-Сентябрь -  Мамлекеттик  тил күнүн,       30-Сентябрь – Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин  күнүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүү.
  2. Билим берүү кызматкерлеринин жаӊы окуу жылына карата тарификацияларын өткөрүүгө катышуу жана туура жүргүзүлүшүн көзөмөлгө алуу.
  3. Баштапкы профсоюздук уюмдун активисттеринин   биринчи кеӊешмесинде отчеттук-шайлоо чогулуштарын өткөрүү боюнча көргөзмөлүү семинар-кенешме  даярдоо, өткөрүү жана баштапкы уюмдардын чогулуштарында жамааттык макулдашууулардын аткарылышын угуу жана жаны окуу жылына бекитүүнүн уюштурулушун координациялоо, жыйынтыктоо.

 

 

Октябрь

  1. 1-Октябрь -  Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө, 19-Октябрь - Социалдык коргоо жана профсоюз кызматкерлеринин  күнүнө карата майрамдык аземдерди даярдап өткөрүү жана   Президиумдун кезектеги кеӊешмесин өткөрүү.
  2. «Жылдын мыкты профсоюз уюму жана анын төрагасы» кароо-сынагынын жыйынтыгын чыгаруу, эмгектерин баалоо, майрамдык аземде сыйлоолорду уюштуруу, областтык кароо-сынакка даярдык кёрщщ жана катышууну камсыз кылуу.

 

Ноябрь

  1. «Эмгекти коргоо» мыйзамына ылайык билим берүү тармагында күз-кыш мезгилинде окуу-тарбия ишин уюштуруу боюнча  даярдыктын чараларынын аткарылышын көзөмөлгө жана жетекчиликке алуу.
  2. Социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөк пулу, эмгекке жарамсыздык баракчаларына төлөөлөрдү жүрүшүн көзөмөлгө алуу, туура төлөнүшүн камсыз кылуу.

 

          Декабрь

  1. Жаӊы жылга карата иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылуу жана «Позиция профсоюза» газетасына жазылууну уюштуруу.
  2. Кезектеги пленумду өткөрүү боюнча Президиум кенешмесин өткөрүү, пленумга даярдык иштерин жүргүзүү жана өткөрүү.
  3. Райадминистрация, мэрия, райондук, шаардык билим берүү бөлүмү менен райондук, шаардык комитеттин ортосунда түзүлгөн макулдашуунун аткарылышын угуу жана жаӊы жылга бекитүүнү уюштуруу.

 

Обкомдун уюштуруу  бөлүмү

 Обкомдун Профсоюздук билим берүү Борбору