Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата «Илим, техника жана өндүрүш» жумалыгында өткөн «Жаш ойлоп табуучулар- 2018» аттуу сынак жөнүндө маалымат

        Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде 2018-жылдын 5-февралынан 10-февралына чейин «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата «Илим, техника жана өндүрүш»  жумалыгы өткөрүлдү. Жумалыктын алкагында ар түрдүү илим, техника жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, окуучуларды ушул тармакка кызыктыруу багытында иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чаралар мерчеми билим берүү бөлүмү тарабынан түзүлүп, мектептерге таркатылып, мерчемдин негизинде иштер алынып барылды.

       2018-жылдын 8-февраль күнү иш-мерчемдин негизинде «Жаш ойлоп табуучу-2018» аттуу мектеп окуучуларынын ойлоп табууларына арналган кароо-сынак өткөрүлдү. Сынакка билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мектептер жигердүү катышып, мектеп окуучулары тарабанын колдонуудан чыккан буюмдардан жасалган ар түрдүү буюмдарды алып келишип, жасаган окуучулардын өздөрү жасаган буюмдарын эмнеден жасашкандыгын, кантип колдонуу керектиги жөнүндө айтып беришти.

       Окуучулардын ойлоп табууларынын эӊ мыктыларын таӊдоо, ойлоп табуучу окуучуларга дем берүү максатында өткөн бул сынакты билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева жетектеген калыстар тобу, 7чен-өлчөм менен баалашты. Сынак шаардагы балдардын билим борборунун чоӊ залында өткөрүлдү.

       Сынакка катышкан мектептер арасынан калыстар тобунун чечими менен 1-орунга №6 Токтогул атындагы орто мектеби, 2-орунга №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектеби, 3-орунга №9 У.Гулматов атындагы орто мектеби, ал эми калыстар тобунун купулу наамына №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинин окуучулары ээ болушту. Сынактын аягында жеӊүүчүлөрдү жана бардык катышуучуларды шаардык мэрия тарабынан акчалай сыйлыктар, жана дипломдор берилди.