Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Аймактарды өнүктүрүү жылындагы иш-чаралар бекитилди

         2018-жылдын  11-февралында Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Жалал-Абад облустук  комитетинин  кезектеги  президиумунун кеңешмеси  болуп  өттү. Кеңешменин  күн  тартибинде төмөнкү  маселелер  талкууланды.

  1. 2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылында профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүү, алардын ишинин эффективдүүлүгүн жана ролун күчөтүү боюнча кароо-сынакты өткөрүү жөнүндө.
  2. Обкомдун 2017-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга сметаны бекитүү.
  3. 2017-жылда обкомдон берилген тапшырмалардын райком, шааркомдор тарабынан аткарылышы тууралуу маалымат.
  4.   Массалык - маалымат каражаттары менен иштөөнү жакшыртуунун чаралары жөнүндө.
  5. Ар түрдүү маселелер.

              Кеңешмеде обкомдун бөлүм  башчылары А.Бегматов, З.Сулайманов  жана инспектору А.Айдаровтор тарабынан маалыматтар  жана  билдирүүлөр  берилди.                  

                   Маселелерди  талкуулоодо Токтогул  райкомунун  төрагасы Т. Исраилов, Ноокен райкомунун  төрагасы  К.Нышанов, Аксы райкомунун төрагасы С.Камчыбековтор катышты. Кеңешме күн  тартибиндеги  маселелер боюнча тийиштүү  токтомдорду  кабыл  алды. Кеңешмени  обкомдүн төрагасы А.Исмаилов  алып барды.

Материалды  даярдаган: Жалал-Абад обкомунун  инспектору-А.Айдаров.