Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Айгүл таш” коругуна экскурсия

     Жалал-Абад областына караштуу Сузак районунун билим берүү кызматкерлери 2017-жылдын 28-29-апрель күндөрү Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин демилгеси менен “2017-жыл – тармактагы адептүүлүктү жана укуктук маданиятты жогорулатуу жылынын” алкагында Баткен областындагы “Айгүл таш” коругуна  экскурсия жасап барып келишти. Экскурсияга баргандар сейрек кездешүүчү, жоголуп бара жаткан Айгүл гүлү менен таанышышып аталган гүл өскөн корукту “Корукту таза кармайлы” аттуу акциясын өткөрүштү, алар бул аракети менен башкаларга жогорку адептүүлүктү жана маданияттуулукту көрсөтүштү. Ошол эле күнү экскурсияга баргандар Баткен аймагынын белгилүү инсаны, жазуучу Мурзапар Үсөн менен жолугушуп, анын этнографиялык табигый музейи менен таанышып чыгышты, жазуучу менен баарлашышты. Андан башка Баткен шаарындагы Манастын эстелиги жана музейинде да болушту.