Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Афганистан согушунун ардагерине эстелик орнотулду

        2018-жылдын  15-сентябрында   Жалал-Абад  облусунун  Ноокен  районундагы  №3 Ройишбек  Алибоев  атындагы  орто   мектебинде Афганистан  согушунун  ардагери, Кызыл  Жылдыз  орденинин ээси, Масы  айылынын  патриот  уулу Ройишбек  Алибоевтин  эстелигин  ачылыш   аземи  болуп  өттү.

        Салтанатка Ноокен  районунун   акими-Маматаев  Э.С,   орун   басары  Бекжигитова  Н.А, Билим берүү  жана   илим  кызматкерлеринин         профсоюзунун  Жалал-Абад  облустук  комитетинин  инспектору                   Айдаров А.Ч, райБББнун   башчысынын   орун   басары  Абылбеков Э, Афганистан  согушунун  Ардагерлериин  облустук, райондук  Кенешинин төрагалары, Афганистан   согушунун  катышуучулары, Масы айыл Кенешинин депутаттары, төрагасы Нарматов А.Э,   Масы  Айыл Өкмөтүнүн  башчысы  Эшенкулов  Ж.  Т, ата-энелер, коомчулуктун  өкүлдөрү окуучулар  катышты.

       Аземде сүйлөгөн меймандар Р. Алибоевтин  эрдиги,  каармандыгы, патриот  уул  катарындагы  эмгектерине  токтолушуп, окуучуларды үлгү   алууга  чакырышып, эстеликти  тургузууга  салымдарын  кошкондорго  ыраазычылыктарын билдиришти. Азем окуучулар  тарабынан  даярдалган  концерттик  программма  менен  коштолду. 

        Мектептин администрациясы, профсоюздук  уюму  тарабынан  Р.Алибоевтин  элесине  арнап  өткөрүлгөн спартакиадалардын  жеңүүчүлөрү жана  демөөрчүлөргө сыйлыктар, ыраазычылык  каттар  меймандардын  катышуусу  менен  тапшырылды.

        Меймандар  мектептин  директору  Саримсаков  П.М.жана  мектептин жамаатына аземди  уюштуурудагы  эмгектери  үчүн  ыраазычылыктарын билдиришип, окуу-тарбия  иштерине  ийгиликтерди   каалашты.

 

Материалды  даярдаган: №3 Р. Алибоев  атындагы  орто  мектебинин  профкому Маруфова Насиба, “Жылдын  мыкты  профкому”   кароосунун  жеңүүчүсү.