Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Афган согушунун ардагерлери менен жолугушуу

Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети, билим  берүү жана илим   тармагында   эмгектенип  жаткан Афган  согушунун  ардагерлерин  топтоп 2021-жылдын 19-февраль күнү  жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушууга областтын аймагындагы райшаар, окуу жайларда иштепө жаткан 31 афганчылар болсо, баардыгы чакырылып, сый урмат көрсөтүлдү. Афганчыларга сөз берилип, алар ал мезгилдеги патриоттук сезимдин абдан жогору болгондугуна, мамлекеттик саясатты колдоо максатында граждандык милдеттерин аткарып келгендиктерине токтолушту.  Айрым бир учурларды эскеришип, согушта болгон көз ирмемдерден кеп салышып, куралдаштары менен учурашып, баарлашып, чер жазышууга кунак  маанай  түзүп  берген  областтык  кесиптик  бирлик  комитетине  ыраазычылыктарын  билдиришти. Ардагерлерди баардык төрагалардын атынан Өзгөн РПКнын төрагасы И.Мырзамидинов куттуктады. Жолугушууда С.Тойгонбаев ардагерлерге ыраазычылык сөздөрүн айтып, бекем ден-соолук, бакубат жашоо, иштерине ийгиликтерди каалап, сый белектерди тапшырды. Кезегинде, Ардагерлер да С.Тойгонбаевге Афганчылар коомунун медалын жана күбөлүгүн тапшырышып, куттуктоо сөздөрүн ыроолошту.

Материалды даярдаган Ош профсоюздук комитети