Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Адилеттик орноду

Ош областтык билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетине 2023-жылы билим берүү кызматкерлеринен 4 арыз келип түшкөн. Алар  жеринде териштирилип, арыз ээлери канаттандырылган.

1.Ош курулуш колледжинин техкызматкери А.Маматжунусова 2 айлык эмгек акысы негизсиз берилбей калганы боюнча арыз жазган. Ал жеринде териштирилип, Маматжунусованын 2 айлык эмгек акысы (11000сом) өндүрүлүп берилди.

2.У.Салиева атындагы зээндүү балдар жатак-лицейинин тарбиячысы Абдувалева аны негизсиз башка жумушка которуп койгону боюнча арыз жазган. Арыз жеринде каралып, Абдувалиева өзүнүн жумуш ордуна кайтарылды.

3.Алай районуна караштуу М.Адышев атындагы орто мектептин директору Б.Сулайманованы, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси мыйзамсыз бошоткондугу боюнча арыз менен кайрылган. Ал дагы жеринде териштирилип, арыз ээси Сулайманова кызмат ордуна калыбына келтирилди.

4.Алай районундагы Тоо-Ашкан башталгыч мектебинин мугалими М.Болотбековду да мектеп жетекчиси негизсиз бошоткон. Сот Ош облустук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин башкы техинспектору Э.Ажиматовдун жазып берген корутундусун эске алып, М. Болотбековдун эки ай аргасыз жумушка келбей жүргөндүгү үчүн 82050сом төлөп берүү чечимин чыгарган.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ош областтык комитети