Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Адептүүлүк-адам көркү» Айдаркен аймактык 35 жашка чейинки чыгармачыл мугалимдердин кароо-сынагы

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү, анын алдында уюшулган усулкана жана Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитети менен биргеликте кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаевдин 2017-жылдын 5-январындагы  “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылы боюнча жарлыгын иш жүзүнө ашыруу максатында иш планга ылайык Айдаркен аймагындагы 10 мектеп арасында 35 жашка чейинки чыгармачыл мугалимдер арасында “Адептүүлүк-адам көркү” деп аталган кароо-сынак 2017-жылдын-апрелинде Айдаркен шаардык маданият сарайында болуп өттү. Сынактын негизги максаты- мугалимдердин таланттарын эл алдына алып чыгуу жана мугалимдердин иш тажрыйбаларындагы адеп жана ыйман маселелерин турмуш менен айкалыштыруу болуп саналат.

         Сынактын шарты боюнча  талапкерлер ыйман, адеп жана маданият багытындагы көргөзмө өтө мыкты деӊгээлде уюштурулуп, №54 “Эшме” орто мектебинин кыргыз тилим мугалиминин көргөзмөсү тарыхый-этнографиялык мүнөздүүлүгү, А.Солтонов атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Таалайбек кызы Динаранын көргөзмөсүнүн илимийлүүлүгү баса белгиленип айтылды.

         Ал эми таймаштын шарты боюнча  талапкерлер өзүн тааныштыруу, чыгармачыл презентациялары, ыйман жана адептүүлүк боюнча көркөм окуу, “Өнөрүн болсо орго чап” ыр жана бий сынактары, “Адеп, ыйман болсун биздин жаштарда”  аталыштагы  ыймандуулук боюнча сахналаштырылган турмуштук көрүнүштөр,  “Ар тараптан өскөн кыргыз жаштары”  деген темадагы интелектуалдык таланттар менен Айдаркен шаардык аймагындагы үч мектеп: О.Маканов, Б.Садыков орто мектептери жана Фирдауси атындагы тажик тилдүү мектеби жана Бирлик айыл аймагындагы жети мектеп: А.Шамурзаев, Б.Алыкулов, О.Тешебаев, А.Солтонов, “Эшме”  жана “Моло” мектептеринен бирден талапкер катышты.

Сынактын жүрүшүндө калыстар тобу райондук мамлекеттик администрациясынан шаардык мерия, айыл аймак өкүлдөрү жана райондук билим берүү бөлүмүнөн, райондук профсоюз комитетинен, усулкананын жамаатынан көрсөтүлгөн. Ал эми уюштуруучулар тобу №54 “Эшме” орто мектебинин директору А.Жаанова баштаган топ да кароо-сынактын өтүшүнө мыкты шарт түзүү менен сахнанын жасалгаланышы, ыӊгайлуу шарттарды түзүү боюнча алгылыктуу иштерди алып барышты.

Сынактын жүрүшүндө тажик улутундагы жигиттерди “Кара жорго” бийинин мыкты чебердик менен аткарышы  Эламан Гулматовдун өздүк чыгармачылыгы, бийи, Турганбай кызы Жанаргулдун мыкты  диксиялуу көркөм окуусу, Таалайгул кызы Динаранын сахнадагы  турмуштук көрүнүштөрү жана сахнада өзүн алып жүрүү таланты көпчүлүктүн купулуна толду.

Сынактын жыйынтыгында №54 “Эшме”  орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Гулматов Эламан жана “Моло” толук эмес орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Турганбай кызы Жанаргул 1-орунга татыктуу болушса, 2-орунга А.Солтонов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты Таалайбек кызы Динара татыктуу болду. 3-орунга №19 Б.Садыков атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Дүйшө кызы Букатыча  жетишишти.

Сынактын катышуучуларына жана жеӊүүчүлөрүнө Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Кадамжай райондук бөлүмү тарабынан “Ардак грамота”, “Диплом” жана баалуу сыйлыктары берилди.