Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Адамдын адамдыгы-ыйманы жана адеби»

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан үстүбүздөгү жылды  «Тармактагы адептүүлүк жана улуттук маданиятты жогорулатуу» жылы деп  жарыялангандыгына байланыштуу  2017-жылдын       16-декабрында Нарын районундагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин базасында  «Адамдын  адамдыгы-ыйманы жана адеби» -деген темада семинар трениг болуп өттү.

      Семинарга  райондун мектеп директорлору жана адеп сабактарынын мугалимдери  чакырылды. Семинардын негизги максаты «Тармактардагы адептүүлүк, ыйман жана укуктук маданиятты калыптандырууда  мектеп жетекчилеринин  жана адеп мугалимдеринин милдеттерин укуктарын так аныктап чыгуу,ошондой эле мектеп, ата-энелердин,коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты  бекемдөө аркылуу тарбиялоо.

     Семинар эки бөлүктөн турду, биричисинде «Бала ыйык болсо тарбиясы андан да ыйык»- деген темада пресс-конференция, «Адамдын адамдыгы -ыйманы» ,«Келгиле кемчилигибизди оӊдойбуз»-деген темаларда ачык сабактар, «Ата-эненди сыйласан, өз баландан сый көрөсүн», «Карылар үйү керекпи?, «Мен жана күзгү»-деген темаларда тарбиялык саатар өткөрүлдү.

  «Ыйман нуру»  аттуу окуучулардын уюму тарабынан уюштурулган сценкалар, декламациялар, көркөм окуулар семинардын катышуучуларына тереӊ  таасир бергендигин катышуучулар белгилешти

    Семинарда коомдогу адеп, ахлак, ыйман маданияттуулукту калыптандыруу маселелеринде мугалимдердин ролу чоӊ экендиги, ал үчүн ар бир педагог бул багытта маданиятты, адептүүлүктү  өздөрүнөн баштап коомдогу ордун так билип     аны аткарууда жогорку активдүүлүктү көрсөткөндө гана ийгиликтер жарала тургандыгы белгиленди.

  Өткөрүлгөн  тегерек столдо тармактагы адеп, ыйман, маданият маселелерин жакшыртуу,педагогтордун бул багытта жүргүзө турган негизги багыттары боюнча кеӊири   пикир алмашылып окуучуларды адеп-ахлакка тарбиялоодо ата-энелердин, жергиликтүү  бийлик органдарынын , коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдору  аныкталды. Айрыкча облустун  казыяттын өкүлдөрүнүн жаштары  ыймандуулукка тарбиялоодо , диний экстримизимге каршы күрөшүүдө  мектеп менен казыяттын   биргелешип  иштөө  багытындагы  сунуш-пикирлерге тегерек  столдун  катышуучуларынын  көптөгөн пикпирлерин   пайдалуу сунуштар белгиленди. Семинардын ишине   Нарын райондук билим берүү  бөлүмүнүн башчысы,  айылдык  кеӊешинин  депутаттарды, аксакалдар кенешин, ата-энелер комитетинин төрагалары ,облусттун казыятын, «Адеп башаты» коомдук уюмунун өкүлдөрү катышышты. Билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун  Нарын райондук комитети тарабынан жаны уюшулган кабинетке адеп, ыйман   тууралуу жазылган ойчулдардын, илимпоздордун китептери тапшырылды.