Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Ачык эшиктер күнү”- коомчулук менен байланыштын натыйжалуу жолу

      2017-жылдын  31-январы  күнү   Ноокен  районунун   Сакалды  айыл  аймыгындагы   №6  “Жылдыз”  бакчасынын   базасында “2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият  жылы”  иш –чараларынын  алкагында  “ачык  эшиктер  күнү”  өткөрлүп, ага райондогу  37  бакчанын директорлору,  райБББнун, райКБКнын   жооптуу  кызматкерелри  Сакалды  айыл  Өкмөтүнүн  башчысы,  ата-энелердин, коомдук  уюмдардын  өкүлдөрү  катышты.

      Иш-чара  “Москва  шаарындагы  Москва  Педагогикалык   Мамлекттик  Университетинин  мектепке  чейинки  педагогоика  жана  психология  факультетинин  95жылдык  маарекесинин делегаттарынын  тажрыйба  алмашуусу”  темасында  болуп өттү.  Иш  чаранын  1-бөлүгүндө  инновациялык  сабактар  жана  тарбиялык  иш-чаралар  берилди.  2-бөлүгүндө Москва  шаарында   өткөн  конференциянын  материалдары  менен  тааныштырылды.

      Иш-чарага  катышкан  коомчулуктун өкүлдөрү  балдардын  тарбиялоодо  биргеликтеги иш  аракеттер  жакшы  натыйжалар  берип  жаткандыгын  белгилешти. РайБББнун  башчысы Б.С.  Козуев   жыйынтыктоо  сөзүндө  жаңылануу  багытында  жана  коомчулук  менен  тыгыз  байланышта иштоо натыйжаларын берип  жаткандыгын  белгиледи   жана  алдынкы  кызматкерлерге райБББ  менен  райКБКнын  сыйлыктарын   тапшырды.

     2017-жылдын  1-февралында  Ноокен  районунун  Сакалды  айыл  аймагындагы  №11  Эргеш  Алиев  атындагы  орто  мектебинин  базасында  “2017-жыл-Ыйман, адеп жана маданият  жылы”  иш –чараларынын  алкагында “Ачык  эшиктер күнү”  болуп өтүп , анда райондогу 55 мектептердин  директорлору, райБББнун, райКБК  , Сакалды  айыл  Өкмөтүнүн  жооптуу  кызматкерлери,  ата-энелердин, коомдук  уюмдардын  өкүлдөрү катышты. 

    Иш-чаранын  1-бөлүгүндө  интерактивдүү  доскалардан  пайдаланып,   жаңы технологиялар  менен  сабактар  болуп  өттү. 2-бөлүгүндө  “Өнөргө  өрнөк кошуп  дем  берген, Өр  таянып  чыга  келген  Сармерден”   темасында   уул балдар   менен  кыздар  ортосунда   улуттук  сармерден оюну  болуп  өттү.             

    Катышуучулар  сабактар жана  тарбиялык  иш-чара боюнча  сунуш  пикирлерин  билдирип, усулдук   көп  материалдар  алгандыгын,  ата-энелер,   жергиликтуу  өз-өзүн  башкаруу  органдары   менен   тыгыз  байланышта  натыйжалуу  иштеп  жаткандыгын  белгилешти.  Иш-чараны  мыкты  даярдагандыгы  үчүн  мектептин  жааматы  эс   алуу үчүн  Арстанбап  пансионатына жолдонмо   менен   сыйланышты.

Материалдарды  даярдаган: Ноокен  райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.