Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

А.Бердиев "Жылдын мырзасы" ардактуу наамы менен сыйланды

2021-жыл аяктап, 2022-жылга жүз багарыбызга саналуу гана күндөр калды. Бул жыл билим берүү тармагында жакшы жетишкендиктер менен кошо, көйгөй маселелер менен да коштолду. Айрыкча районубузда болгон кыргыз- тажик чек ара жаңжалы билим берүү тармагына олуттуу зыяндарды алып келди, көйгөйлөрдү жаратты. Бул мезгилдерде, ар бир мекенчил жаран, бардык тиешелүү тармактар жапа тырмак жардам колун сунуп, көйгөйлөрдү чечүүнүн үстүндө иш аракеттерди көрүштү. Билим-тарбия алуучу мектеп, бала бакчалар талкаланып, өрттөлүп,  окуу процесси үзгүлтүккө учурап, эл үй-жайын таштап, чар жайыт чачылган кезде чукул аракеттерди көрүп, элдерди коопсуз жайларга жайгаштырып, биринчилерден болуп азык-түлүк, кийим-кече менен камсыздап, окуучулардын сабактарга катышуусуна, эс алуусуна шарт түзүп, бузулган имараттарды калыбына келтирүү мезгилдеринде  райондук билим берүү бөлүмү жана профсоюз комитетинин күндөп- түндөп кылган аракети, мээнети зор болду. Мындай кырдаалда Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитетинин төрагасы Авазбек Бердиев кызматтык, жеке инсандык, мырзалык милдетти катары да жан үрөп, чуркап, кайрымдуулук иштерин уюштуруп, жардамдарды жеринен көрсөтүп көп иштерди жасаганына күбө болдук.

Андан сырткары райондук профсоюз комитети мыкты мугалимдерди, тарбиячы, окуучуларды ар тараптан колдоп, сыйлыктарды ыйгарып, спорттук мелдештерди уюштуруп келди. Албетте, агартуучулардын алкоосуна арзыган, ыраазы кылган көп аракеттерди көрүүдө төраганын кызматы, аракети, түйшүгү чоң. Аткарылган айрым иш-аракеттерди Билим жана илим кызматкерлеринин республикалык профсоюз уюмунун сайтынан, Лейлек райондук профсоюз комитетинин Фейсбук, Одноклассники, Инстаграмм баракчаларынан, WhatsApp, Телеграм тайпаларынан көрө аласыздар.

"Саргара жортсон, кызара бөртөсүң" демекчи, жыл аяктаар мезгилде, КРнын  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитети тарабынан Бердиев Авазбек Турабаевичке үзүрлүү эмгеги, мекенчилдик мүнөзү үчүн "Жылдын мырзасы" ардактуу наамы ыйгарылды. Татыктуу наамыныз кут болсун, Авазбек Турабаевич! Мындан ары да жигиттик, мырзалык, мекенчилдик, камкор сапатыныз менен калктын алкышына ээ болуп, татыктуу кызматынызды аркалай бериңиз.

Райондук профсоюз уюмунун уюштуруучусу Гулназа Бердиева (Ата журт-Лейлек газетасы. Номери 24. 31-декабрь)