Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

90 лет Чингизу Айтматову

12 декабря 2018 г. кафедрой «Кыргыз тили»  КГУСТА им.Н.Исанова  проведено музыкально-литературное мероприятие на тему:«Аалам алпы, залкар жазуучу  Ч.Айтматов – 90 жашта».

Согласно программе мероприятие началось с исполнения отрывка  из эпоса «Манас», далее студенты живо и организовано сыграли отрывки из известных всему миру произведений великого писателя, гуманиста и мыслителя нашей современности: отрывок из легенды “Найман эне” по роману “И дольше века длиться день”; отрывок из повести “ДЖамилия;  “Письмо Майсалбека” по повести “Млечный путь”; отрывок из повести “Первый учитель”;   отрывок из повести “Тополек мой в красной косынке”  и в завершении исполнили  “Песню Ильяса”.

 

«Аалам алпы, залкар жазуучу  Ч.Айтматов – 90 жашта».

    2018-ж. 12-декабрда Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин «Кыргыз тили» кафедрасы тарабынан  заманыбыздын көрүнүктүү жазуучусу, улуу даанышман, акылман, терең ойчул, руханий эмгеги кыргызга гана эмес, бүт дүйнөлүк адабиятка жана маданиятына өз калеми менен из калтырган инсан, чыгармачылыгы кылымда сейрек келүүчү феномен Чыңгыз Айтматовго арналган «Аалам алпы, залкар жазуучу Ч.Айтматов – 90 жашта» деген аталыштагы адабий-музыкалуу иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын программасына ылайык, алгач «Манас» эпосунан  үзүндү аткарылды, андан соң студенттер Чыңгыз Айтматов чыгармаларынан үзүндүлөрдү тартуулашты: “Кылым карытар бир күн” чыгармасынан “Найман эне” уламышынан үзүндү; «Жамилия» повестинен үзүндү; “Саманчынын жолу” повестинен “Майсалбектин каты” ; “Биринчи мугалим” жана «Делбирим» чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылып, «Ильястын ыры» менен  иш-чара соңуна чыкты.