Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата иш чара уюштурулду

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитети тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата атайын иш чара уюштурулду. Анда Ноокен райондук билим берүү тармагында эмгектенген ардагер жана алдыңкы эжекелер чакырылып, белектер менен сыйланышты.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобеав,  Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган бухгалтериясынын экономисти  Г.Бекбаевалар   куттукташты.

Келген эжекелер профсоюз тарабынан көнүл бурулуп, сыйланып жатышкандыктарына өз ыраазычылыктарын билидиришип, жетекчилерге бекем ден-соолук, иштеринде ийгиликтерди каалап кетишти.

 

 

Ноокен райКБКнын инспектору Т. Бакиров