Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

7-съезддин чечимдери ишке ашырылууда

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун 7-съездинде Бобордук Комитеттин төрагасы А.Токтогулов отчеттук баяндамасында «Жаштар менен иш алып барууда өтө кылдат мамиле жасоого, алардын бардык суроо-талаптарына өз убагында жана туура жооп берүүгө, жаштардын эсебинен профсоюздук кадрларды даярдоого көңүл бурууларын өтүнүп кетээр элем» деп милдеттерди белгилеген.

Жалал-Абад обкому бул багытта жаштар менен конкреттүү иш-чараларды алып барууда. 2020-жылдын декабрында Жалал-Абад шаардык комитетинин пленумунда жаштар кеңешинин төрагасы Максат Мамсыдыков бир добуштан шаардык комитеттин төрагасы болуп шайланды. Жаш жетекчи ишенимди актоо үчүн татыктуу эмгектенүүдө.

Обкомдун инспектору А.Айдаров тарабынан 2021-жылдын 8-февралында жаш жетекчиге методикалык күн уюштурулду. Анда иш пландар, макулдашуулар, жамааттык келишимдер талкууланып, тийиштүү көрсөтмөлөр, методикалык материалдар берилди. А.Айдаров насаатчы катарында сунуштарын, ой пикирлерин билдирип, суроолорго жооп берди. Жаш жетекчи иш-чара үчүн ыраазычылык билдирди.

Материалды даярдаган: Обкомдун пресс-катчысы-Абдыкадырова Махабат.