Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

7-Апрель - Элдик революция күнү

Кыргызстанда 7-апрель элдик революциясына арналган иш-чаралар өтүүдө. Ошондой иш-чаралардын бири Каракол шаарында да болду, Ысык-Көл областынын губернаторунун орун басары Р.Кыштобаев, шаардын мэри Э.Жумаев баш болгон жетекчилер шаардык парктагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын эстелигине барып куран окушту, андан кийин он бир жыл мурда кыргыз эли эркиндиги, адилеттүүлүгү жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыккан тарыхый окуяда курман болгондордун эстелигине гүл коюп, эскеришти. Бул иш-чарага ошондой эле кандуу окуяда курман болгондордун жакындары, апрель революциясынын катышуучулары, коомчулук өкүлдөрү катышты. 2010-жылдагы апрель окуясына быйыл туура 11 жыл болду. Бул дата Кыргызстандын кайра жаралууга багыт алган күнү катары тарыхта калды. Эли, жери үчүн жанын берген баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт, элдин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

 

 

Материалды даярдаган: Каракол шаарынын профкомитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У.