Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

5-октябрь- мугалимдер күнү Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлери тарабынан белгиленди

      Таш-Көмүр шаардык билим берүү кызматкерлери 5-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамын белгилешти. Шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы  Г.Эргешова мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. Мектеп босогосун жаңы аттаган жаш адистерди, юбиляр мугалимдерди куттуктап, белектерди тапшырды. Мектептердин баштапкы уюмунун төрага,төрайымдары тарабынан иштебеген пенсионер мугалимдерден кабар алуу менен белектер тапшырылды.

     Бул кесиптик майрамга карата “Жылдын мыкты мектеби”, ”Жылдын инновациялык мектеби”, ”Жылдын мыкты усулкаанасы”, ”Жылдын мыкты бала бакчасы”  номинациясы боюнча конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жергиликтүү бийлик тарабынан 70,000 сом акчалай колдоо көрсөтүлдү. Жыйынтыгында  “Жылдын мыкты мектеби”  номинациясы боюнча : 1-орун Н.Островский мектебине, 2-орун Тоголок Молдо мектебине, 3-орун В.И.Ленин атындагы орто мектебине ыйгарылды.  ”Жылдын инновациялык мектеби” боюнча 1-орун К.Осмонкулов атындагы №2 гимназия кластары бар орто мектебине, 2-орун Т.Шадыханов атындагы инновациялык гимназия мектебине, 3-орун К.Кузембаев атындагы №7 гимназия класстары бар орто мектебине берилди. ”Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациясы боюнча №1 “Ак кайың” бала бакчасы 1-орунду,№11 “Теремок” бала бакчасы 2-орунду,№13 “Теремок” бала бакчасы  3-орунду ээледи. ”Жылдын мыкты усулкаанасы” боюнча баш байге К.Осмонкулов атындагы гимназия класстар бар орто мектебинин усулкаанасына(завуч Ш.Бегбаевага), 1-орун №12,4 орто мектептеринин усулкаанасына, 2-орун №7, 11 орто мектептеринин усулкаанасына,3-орун №10,3 орто мектептеринин усулкаанасына ыйгарылды.Жогорудагы мектептерге акчалай сыйлыктар,дипломдор тапшырылды.

     Ошондой эле,  жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкулчүлүгү тарабынан  “Жылдын мыкты мектеби” областтык конкурсунун жыйынтыгы менен Н.Островский атындагы №1 орто мектебине 3-даражадагы диплом,акчалай сыйлык ыйгарылды.Ушуну менен бирге эле “жылдын мыкты бала бакчасы” областтык конкурсунун жыйынтыгы менен №2 “Ак кайың” бала бакчасына да 3-даражадагы диплом,акчалай сыйлык ыйгарылды.

        Шаардык мэрия тарабынан 21 мугалимге жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу эмгеги үчүн Ардак грамоталар тапшырылды.Мындан сырткары Мугалимдерге кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары,төш белгилери жана областтык усулдук билим берүү борборунун Ардак грамоталары тапшырылды.ШБББнын №1-14 орто мектептеринде мугалимдер күнүнө арналган гул конкурсу жана дубал газеталардын конкурсу өткөрүлдү.