Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

3 тараптуу макулдашуу кабыл алынды.

Кечээ 12-декабрда билим берүү кызматкерлеринин  Каракол  шаардык профсоюз комитети өзүнүн кезектеги 2-пленумун өткөрдү.Пленум  шаардык  мэриянын жыйындар залында болуп, ага шаардын мэри Калыгулов Р.У., билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Апышева В.С.,Ысык-Көл областынын координатору Молдокматов Ө. К., областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы Садабаев Э.Р. жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен баштапкы профсоюз комитетинин төрага-төрайымдары катышышты. Карала турган негизги маселе-мектеп, мектепке чейинки жана мектептен сырткаркы мекемелердин кызматкерлеринин  социал-дык, экономикалык , эмгектик укуктук маселелерин  колдоо  максатында 2015-2018-жылдарга түзүлгөн 3 тараптуу макулдашууну кабыл алуу болду. Анда шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. 2011-2014-жылдарга түзүлгөн макулдашуудагыүч тараптуу келишимдин пункттарын ишке ашыруу үчүн  Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси”, “Социалдык кызматташтык жөнүндөгү” жана “Эмгекти коргоо жөнүндөгү” мыйзамын жетекчиликке  алуу менен жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жана анын  жыйынтыгы шаардык профсоюз комитетинин президиумунда, шаардык билим берүү коллегиясынын кеңешмелеринде каралып , кабыл алынган чечимдер биргеликте жүргүзүлүп жатканды-гына  кеңири токтолду. Ар бир пункт боюнча так маалыматтар берилген соң , 2 тарапка сөз берилди. Кезеги менен Ысык-Көл областынын координатору Молдокматов Ө. К., областтык профсоюздар кеңешинин төрагасы Садабаев Э.Р. сөз алып,  айлык эмгек акынын көтөрүлүшү жана жалпы эле профсоюз  тарабынан аткарылып жаткан  иш чаралар жөнүндө кеп салышты.

 

 

Билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык

 профсоюз комитетинин   төрайымы:                                           Касмалиева Ж.У.