Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

3-декабрь майыптардын эл аралык күнү

     Бүгүн, 3-декабрь майыптардын эл аралык күнүнө карата  Жалал-Абад шаарында аймактын район-шаарларында жашаган мүмкүнчүлүгү  чектелген жарандар катышкан спорт эстафетасы, гандбол боюнча мелдеш болду. Ошондой эле Барпы театрынын өнөрпоздору даярдаган концерт өттү жана сый тамак уюштурулду.

Ага жалпысынан 80ден ашык майып чакырылып, сынакта жеңгендерге, талантын тартынбай көрсөткөндөргө баалуу белектер, акчалай сыйлыктар берилди. Андан сырткары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын жетекчилери, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү депутаттары материалдык колдоо көрсөттү.

“Биз жашоону терезеден эмес, коомдон издейбиз” деген аталыштагы бул иш-чараларды Жалал-Абад жаштар коому уюму Облустук ички иштер башкармалыгы менен майыптардын бир катары коомдук уюмдарынын колдоосу менен өткөрдү.  

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков “Коомдогу майыптарга карата кайдыгер мамилени өзгөртүү, аларды колдоо салтка айланган боорукерликти даңазалоо, келечек ээси болгон жаштарга туура идиологияга багыт берүү”. Саламаттыгынан жабыркап мукурап тургандар коомдо жалгыз эместигин, жашоодо жакшылыгын аябаган жакшы адамдар бардыгын айтып, аларды маанайын чөктүрбөй кайратуу, бекем болууга, жакшылыктан үмүт үзбөөгө чакырды.

"Асыл Ай” мүмкүнчүлүгү чектелгендер коомунун төрайымы Жумакан Жаркулова майыптарды эстен чыгарбай ар дайым колдоо көрсөтүп келаткан облустук  милициянын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди. Айрыкча Орозо айында маданият кызматкерлери менен бирге өткөргөн “Кайрымдуулук жарамазаны” акциясында бир катар аялуу майыптарга ун, май сыяктуу азык-түлүк продукцияларынан сырткары жардам катары кой берилгенин ыраазы болуп эскерди.

      КРнын Социалдык онугуу министирлигинин Сузактагы улгайган жана ден- соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелген жарандардын жалпы типтеги социалдык мекемесине Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматынын өкүлдөрү Сузак районундагы карылар жана майыптар үйүндөгүлөрдүн саламаттыгын текшерди. Ошондой эле чакан белектер тапшырылды.

Аталган жайдын башчысы М. Узакбаевдин маалыматына ылайык, жалпысынан бул жерде 97 адам жашайт. Алардын 30дан ашыгы майып адамдар болуп саналат. Жалал-Абад милициясынын медицина кызматкерлери карылар жана майыптар үйүндөгүлөрдү саламаттыгын маал-маалы менен текшерип, колдорунан келген жардамды берип турушат.

Карылар үйүндө 14 жылдан бери жашаган, мындан төрт жыл мурун көзү көрбөй калган Алымжан Токтобаев атуу аксакал жардам көрсөткөндөрдү алкап, тилегин айтып батасын берди.