Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“3-декабрь-Майыптардын эл аралык күнү”

Таш- Көмүр шаарында мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмунун башчылары мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жана балдарга жардам беришти. Таш-Көмүр шаарында “3-декабрь-Майыптардын эл аралык күнүнө”карата баштапкы профсоюз уюмунун башчылары билим берүү кызматкерлеринин арасында “Боорукерлик күнүн” өткөрүштү. “Боорукерлик  күнүнө” мугалимдер менен биргеликте кайдигер эмес инсандар катышты. Мектептерде окуган мүмкүнчүлүгү чектелген балдар,окууга келе албай жүргөн үйүндө окуган балдарга акчалай жана материалдык жардамдарын көрсөтүштү. Мектептеги иштеп жаткан соц.педагогдор жылда мындай иш-чараларды активдүү өткөрүшүп келишет. Ошондой эле майыптыгы бар инсандарыбызга дагы жардамдар берилди. Жардам алгандар тарабынан мугалимдерге ыраазычылыктар айтылды.