Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель - Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүн утурлай

Таш-Көмүр шаардык комитетинын төрайымы   Э.Эгизалиева   тарабынан   №6 Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Ч.Бокошова  жана баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы  М.Каратаева менен биргеликте 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чаранын негизинде жолугушуу жана тегерек стол өткөрүлдү.

Бул жолугушууда “Эмгекти коргоо жана эмгек дүйнөсүнүн келечеги ”аттуу темада талкуу жүрүп,жаш мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле эмгекти коргоо боюнча лекция 10-11-класстын окуучуларына дагы окулду. Окуучулардын  суроолоруна жооптор турмуштук мисалдар  менен берилди. Окуучуларга “Келечекте кандай эмгекти  тандайсыз?” темасында эссе  жазып  келүү  тапшырмасы берилди.

Тегерек  столду  шаардык комитеттин төрайымы  Э.Эгизалиева  жыйнтыктап,  бул  тема  боюнча иш-чараларды жыл  акырына  чейин уланышын белгиледи.

 

 

Даярдаган:

№3 орто  мектебинин  профкому

Гулжайна Молдалиева