Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата жумалык өтүп жатат

Ноокен районуна караштуу №44 “Алтын ачкыч” балдар бакчасында Ноокен райондук профсоюздук комитетинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги №241 сандуу катынын негизинде “28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата  бала бакчанын баштапкы кесиптик уюму тарабынан 2021-жылдын 12-апрелинен тартып 28-апрелине чейин иш-чара түзүлүп, жумалык жарыяланды.

Иш-чаранын негизинде бакчада тегерек стол уюштурулуп кесиптик уюмунун төрайымы А.Мамитова тарабынан маалыматтар берилди.

Кызматкерлерге эмгекти коргоо шарттарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлүп, өрт өчүрүүчү шаймандарын колдонуу боюнча кызматкерлерге инструктаждар  өткөрүлдү.

Ошондой эле бакча башчысы тарабынан эмгек мыйзамдары жана ченемдик актылар жөнүндө  кызматкерлерге маалыматтар жеткирилди.

 

Маалыматты даярдаган: №44 “Алтын ачкыч” балдар бакчасынын профкому А.Мамитова