Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн иш-чаралар

Таш-Көмур шаарына караштуу К.Осмонкулов атындагы №2 жалпы билим берүүчү орто мектепте "28-апрель Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө” карата уюшулган жумалыкта ӨКМ өкүлдөрү менен өрт, техника коопсуздугунун эрежелери  тааныштырылды. ӨКМ кызматкерлери жамаатка өрт коопсуздугунун эрежелерин кантип сактоо,өрт өчүрүүчү каражаттарды кантип пайдалана тургандыгын практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Профсоюз уюму тарабынан суроолор,ситуациялык тапшырмалар түзүлүп, тегерек стол уюштурулду.Тегерек столдо талкууланган кырдаалдар,Эмгек Кодексиндеги айрым беренелердин колдонулушу жөнүндө керектүү маалыматтар мугалимдер үчүн абдан натыйжалууболду. Ошондой эле өрт жана техникалык коопсуздук эрежелери,чакырыктарды чагылдырган көрнөк-жарнактар илинди.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаарпроф комитетинин төрайымы Э.Ж.Эгизалиева