28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү
2023-жылдын 28-апрелинде Базар-Коргон районундагы №7 Мамбеталиев атындагы мектеп-гимназиясында жана райондогу билим берүү уюмдарында эмгекти коргоо күнүнө карата иш-чаралар болуп өттү.
Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.Т.Жалилов, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С. Жаркынбаев, адис К.Асыранкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, мектеп жана балдар бакчаларынын жетекчилери, баштапкы кесиптик бирлигинин төрагалары жана мугалимдер катышышты.
Иш-чарада билим берүү тармагындагы эмгекти коргоо, эс алуу убакыттарынын сакталышы, жаштардын эмгегин корголушу, зыяндуулук, жумуш орундарындагы кырсыктарды алдын алуу, имараттардын ичиндеги коопсуздук жана санитардык коопсуздуктар боюнча маалыматтар берилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук шарттарынын сакталышы боюнча суроо-жооптор болуп, катышуучулар пайдалуу маалыматтарды алышты.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети