Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

Ош технологиялык университетинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата окуу жайдын китепканасынын жамааты тарабынан китеп көргөзмөсү уюштурулду. Мында көрүүчү окурмандарга дүйнөгө белгилүү болгон, анын ичинде кыргыз элинин чыгаан акын-жазуучуларынын чыгармалары тартууланды. Ошондой эле илим, билим багытындагы китептер, заманбап дүйнөлүк жазуучулардын жаңы чыгармалары дагы сунушталды.

ОшТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Зулпуев жалпы жамааттын атынан бүткүл окурмандарды китеп окууга чакырып, китептин адамдын турмушундагы ролу белгиленип, китепканачыларга Ардак грамоталар тапшырылды.

Аталган иш чарага кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Багдагүл Тиленбаева катышып, китепканачыларга кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: ОшТУ кесиптик бирлик комитети