Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

21-март Нооруз майрамына карата иш-чаралар болуп өттү

 

Базар-Коргон районундагы билим берүүчү уюмдарында 21-март Нооруз майрамына карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү.

Нооруз майрамы бул – иран жана түрк элдеринин жаз майрамы. Нооруз жаңы жылдын башталышы болуп эсептелет. Ошондуктан столдун үстүнө улуттук тамактар ​​коюлуп, жарашыктуу аппак дасторкон жайылып, майрамдын негизги тамагы болуп сүмөлөк саналат.

Мектептерде сахналаштырылган көргөзмөлөр, бийлер көрсөтүлдү.

Райондогу мектептерде майрамдык иш-чарага мектеп жаматтары, баштапкы профсоюз уюмдардын жетекчилери жана окуучулар  катышты.

 

Материалды  даярдаган: К.Асыранкулов