Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

2024-жылга максаттар жана милдеттер белгиленди

Ноокен райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Президиуму болуп өттү.

Президиумга төрага К.Нышанов, Ноокен райБББ башчысы Н.Олжобаев жана мүчөлөрү З.Усенов, А.Усманов, Ф.Акматова, З.Маматова, Н.Момуналиева, Т. Исмаилов катышышты.

Иш чарага Жалал-Абад обкомунун укук жана эмгекти коргоо инспектору А.Айдаров да катышып, президиумдун ишине жана 2024-жылдагы иштерге ийгиликтерди каалады.

Президиумдун күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

  1. Райондук кесиптик бирликтин 2024-жылга  иш  планын  бекитүү  жөнүндө.
  1. Райондук кесиптик бирликтин регламентин  бекитүү жөнүндө.
  2. Райондук кесиптик бирликтин 2024-жылга сметасын бекитүү  жөнүндө.
  3. Райондук кесиптик бирликтин 3-пленумун чакыруу жөнүндө.
  4. Тармактык “Мыкты профсоюз уюму жана төрагасы-2024” кароо-сынагынын райондук турун  уюштуруу  жөнүндө.
  1. “Ден соолук-2023” мугалимдердин райондук спартакиадасын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.

Президиумда ошондой эле “Маалымат иштерин уюштуруу боюнча эң мыкты баштапкы кесиптик уюму” кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы өттү, ага Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов катышты.  

Жеңүүчүлөр И.Губкин атындагы №14 орто мектебинин профкому Т.Кулназарова жана №49 “Таштак” балдар бакчасынын профкому А.Абдумиталибова обком тарабынан баалуу белектер менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитети